7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты менен таанышты

296

Кечээ, 14-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова мамлекеттик жетекчилик кызматка дайындалганы айтылган. Бирок, Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты Самара Каримованын жетекчи болушуна каршылыгын билдирип чыгышты.

Жетекчилик кызматка дайындалган ырчы Самара Каримова бүгүн, 15-январда жогоруда аталган окуу жайдын эмгек жамааты менен тааныштырылды. Бул тууралуу ырчынын жолдошу Асан Мансуров тарабынан маалым болду.

«Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен өкүлдөр келишип, окуу жайдын эмгек жамаатына Самара Каримованы тааныштырышты», деди ал.

Ырчы мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буйрук негизсиз деп арыз жаздыртпай, билдирме бербей эле кызматтан алып койгон. Мындан улам Самара айым аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылганын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

297