«Чай үстүндө сырдашуу» берүүсүнүн коногу ырчы Самара Каримова чыгармачылыгындагы жаңылыктар менен бөлүштү.
Учурда Гүлбү Ороскул кызы ырдаган «Ортомчу болду Ысык-Көл» ыры элдин сүймөнчүлүгүнө алынып жаткан учуру. Бул ырды ырдап калышыңыздын себеби эмне болду?
«Гүлбү Ороскул кызы менен эже-сиңди катары абдан жакшы мамиледе болчумун. «Ортомчу болду Ысык-Көл» ырын аябай жакшы көрөт элем. Тилекке каршы, эжекебиз арабыздан эрте кетип калды. Анан түшүмө кирди, мурдагыдай эле жаркылдап жакшынакай жүрөт. Сары тебетейи бар эле, кийип жүрчү. «Самара бул сага сонун жарашат»,- деп түшүмдө тебетейин берди. Баш кийимди баарына эле бере бербейт эмеспи, жашылык деп кабыл алдым»,-деди ырчы айым.
Толугу менен төмөнкү ссылкадан көрө аласыздар