7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самара Каримова жолдошу экөө жол кырсыкка кабылып, көкүрөк омурткасы сынган

22989

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыктан жабыркаган биринчи вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин, ырчы Самара Каримованын жана анын жолдошу Асан Мансуровдун абалы жөнүндө айтып берди.

Министрликтин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен 26-июлда Токтогул районунун жалпы медициналык практикалык борборуна ар кандай жаракат алган беш жабырлануучу жаткырылган.

Ырчы айым Самара Каримова ооруканага баш мээси чайкалып, көкүрөк омурткасынын сыныгы менен түшкөнү такталды. Анын жолдошу Асан Мансуровдун дагы баш мээси чайкалып, башынан жабык жаракат алган. Үчүнчү жүргүнчү Н.А. белинен жаракат алган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев баш болгон эки жабырлануучу канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

22990