7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Санаторийлерге акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар алынат

575

Өлкөнүн санаторий жана курортторуна Россиядан медициналык заманбап үлгүдөгү жабдуулар сатып алынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине санаторий жана курортторго арналган медициналык жабдуулардын көргөзмөсүндө президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнова билдирди.

“Санаторий жана курорт объектилерин дарылануучуларга заманбап дарылоо жана профилактикалык процедураларын көргөзө ала тургандай деңгээлге жеткирүү – биздин башкы максатыбыз. Мындан улам бүгүнкү көргөзмө уюштурулуп жатат. Бул жерден жогоруда аталган мекеме өкүлдөрү тандап алган жабдуулар Россиядан алынып кенет”, — деди ал.

Көргөзмөдө ошондой эле россиялык компаниялардын инсульт алган оор акыбалдагы оорулуулардан бери бутуна тургуза алуу мүмкүнчүлүгү бар ар кандай көптөгөн жабдуулары көрсөтүлдү.

576