7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саралаев: Өлкөдөгү ири долбоорлор миллиарддаган долларларды алып келет

407

Президенттин сунушу чынында абдан маанилүү жана туура: өлкөнүн экономикасы бир гана «Кумтөр» сыяктуу бир ишканага көз карандылыкта калбашы керек. Бул тууралуу Тимур Саралаев билдирди. 

Анын айтымында, бул үчүн туризм, өндүрүш, тоо-кен тармагы, транспорт жана инфраструктура сыяктуу багыттарда ишканалардын жана долбоорлордун санын көбөйтүү зарыл.

«Президент Садыр Жапаров өлкөнүн экономикалык келечегинде жалгыз гана Кумтөрдөн көз карандылык болбошу керек, Кумтөр сыяктуу ири ишканалардан өлкөдө бир нечеси болушу керек — деген ойду айтты.

Чынында, өлкөбүздүн ички дүң продукциясындагы (ИДП) Кумтөрдүн кошкон салымы акырындык менен төмөндөп, жалпы үлүшү 1% жеткенде — Кыргызстандын экономикасын ар тараптуу өнүктүрүүнүн жана башка тармактарда чоң ийгиликтерге жетүүнүн белгиси болот келечекте. Кумтөр кенинин экономикага кошкон салымы акыркы жылдары акырындап көбөйүүдө. Мисалы, 2020-жылы Кумтөрдүн ИДП кошкон үлүшү 12,5% түзсө, учурда ал 9% тегерегине барды, бул өтө маанилүү көрсөткүч. Бул деген Кумтөрдүн кирешеси азайды дегенди эмес, бул кыргыз экономикасы жанданды дегенди түшүндүрөт. Акыркы беш жылдын ичинде ата-мекендик өндүрүштөн күткөн натыйжалар туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн көрсөтүп турат.

Өлкөдө жаңы ири долбоорлордун ишке ашышы – «Үч чоку» лыжа комплекси, Тамчы аэропортунун тегергендеги курулуштар, “Кызыл-Омполду” иштетүү сыяктуу инвестициялык долбоорлор аркылуу мамлекетибиз үчүн жаңы экономикалык драйверлер пайда болот. Бул Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана миллиарддаган долларды алып келүүгө жолду ачат»,- деди Саралаев.

 

408