7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саясатчылардын башын бириктирген Атамбаевдин уулунун тоюу боюнча иликтөө иши башталды

332

Ош шаарында УКМКнын тергөө органдары ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун 12-декабрда өткөн үйлөнүү тою боюнча текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызмат ушул күндөрү айрым райондордо жана Бишкек менен Ош шаарларында эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзгөчө режим күчүндө экенин жүйө келтирет.

«Массалык иш-чараларды жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө болгонуна карабастан, ишкер Жалил Атамбаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, коомчулукта көптөгөн нааразычылыктарды жаратып, миңге жакын адамдын катышуусунда дүңгүрөгөн той өткөрдү»,-деп айтылат маалыматта.

Жалил Атамбаевдин уулу учурда УКМКнын кызматкери. Атайын кызмат Жалил Атамбаевдин уулуна карата кызматтык иликтөө баштады, анын жыйынтыгында кызматтан бошотууга чейин тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Текшерүүнүн алкагында Жалил Атамбаев бул фактынын бардык жагдайларын тактоо үчүн УКМКнын тергөө органдарына чакырылды.

УКМК  ага карата эң катаал чаралар көрүлөрүнө ишендирүүдө.

Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депуттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов, элчи Ибрагим Жунусов жана башка белгилүү адамдар катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

333