7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сейит Жаанбаев: мугалимди жемелеген менен көчөдө бирөөгө катуу сөз айткан – бирдей болуп калыптыр…

323

Билим берүү тармагындагы эксперт, Терминкомдун мүчөсү Сейитбек Жаанбаев: Билим берүү менен тарбия кош канаттай, дайым бир жүрөт, тарбия жок жерде билим сапаты дагы жогору боло албайт. Мектеп деп биз – ошол тарбия менен билим берүү иштери айкалышкан мекемени түшүнөбүз, азыр болсо кээ бир мектептерди жөн гана «билим ордосу» деп атай баштадык, бирок анда тарбия кайда калды?

Анысы аз келгенсип, «мугалим» деген сөз дагы билим берүү менен байланышкан мыйзамдар менен башка документтерден чыгып калыптыр. Ошол себептен жакында мугалимди келекелеген бир айым жараныбыз болгону миң сомдук гана айып пулга жыгылды, анткени мыйзамдарда мугалимдин аброюна шек келтирүү деген түшүнүк жок экен да, деги эле мугалим деген сөз мыйзамдарда жок экен. Ошондуктан, мугалимди жемелеген менен көчөдө бирөөгө катуу сөз айткан – бирдей болуп калыптыр…

324