7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан кандай жардам берилет?

372

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин чечими менен селден каза болгон 22 адамга, ошондой селден улам турак жайы жараксыз абалга келген 75 үй ээсине 1 млн сомдон берилет.

«Ал эми турак жайы капиталдык оңдоого муктаж 86 үй ээсине 500 миң сомдон, Ош шаарындагы борбордук базарда суу каптаган 785 контейнердин ээсине каттоосуна жана салык төлөөсүнө жараша 100 миң сомдон берүү каралууда. Мындан тышкары, Ош мэриясы дагы соодагерлер менен иш алып барат», — деди ал.

Министрдин орун басары материалдык жардам жакын арада төлөнө баштай турганын кошумчалады.

373