7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаардык прокуратуранын бөлүм башчысы 1,6 млн. пара алып кармалды

2754

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы «К.У.А.» кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бөлүм башчы 2020-жылдын декабрында, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алган.

Мындан тышкары, аталган кызматкер «К.У.А.» өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону талап кылган, анын ичинде 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техникалары дагы бар.

«Ушул жылдын 7-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда зарыл болгон тергөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2755