7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
15°C

Шахрух Хандын гонорары Болливуддагы эң жогоркулардын бири болуп саналат. Актёр тууралуу фактылар

470

Шахрух Хан Индия киносунун эң чоң жылдыздарынын бири. Ал  1965-жылы 2-ноябрда Нью-Делиде туулган. Актер катышкан бир нече тасма ийгилик жаратып, ага атактуулук алып келген. Индия актёру жөнүндө кызыктуу фактылар арбын, анын бири ал балмуздак жээгенди жактырбайт. Ал эми башка фактыларды төмөндөн окуй аласыздар.

  1. Ата-энесинин экөө тең каза болгондон кийин, 1991-жылы ал Бомбейге көчүп барган. Ошол эле 25-октябрда Шахрух индус үй-бүлөсүнөн Гаури Чибберге үйлөнгөн . Хандын айтымында, ал мусулман бойдон калса да, аялынын динин да баалайт. Бул никеден 1997-жылы 13-ноябрда уул Ариан, 2000-жылы 23-майда эки динди карманган Сухана кызы төрөлгөн. 2013-жылдын 27-майында Шахрух жана анын жубайы Гаури суррогат энеден үчүнчү балалуу болушкан, баланын аты Абрам .
  2. Шахрух Хан төрөлгөндө чоң энеси тарабынан Абдул Рахман деген ысым ыйгарылган. Бирок атасына жакпай, аны Шахрух Хан кылып өзгөрткөн
  3. Актер тамактанып жатканда сүрөткө түшкөндү жаман көрөт.
  4. Ал балмуздак жегенди жактырбайт. Анын сүйүктүү тамагы тандырга бышырылган тоок эти.
  5. Шахрух жылына 5-6 жолу Делидеги каза болгон ата-энесинин мүрзөсүнө барып зыярат кылат.
  6. Шахрух Хандын гонорары Болливуддагы эң жогоркулардын бири болуп саналат.
  7. Дүйнөдөгү эң бай актерлордон 6-орунда. Анын жалпы байлыгы 600 миллион долларга бааланган. Салыштыруу үчүн, бул Голливуд жылдызы — Том Круздан (450 миллион) көп.
  8. Анын атасы Мир Тож Мохаммад актёр болгусу келген. Бирок бир нече кастингке барса да, тандоо турунан өткөн эмес.
  9. “Мен эч качан уят ролдорду ойнобойм жана камеранын алдында өбүшпөйм. Эч качан сөгүнүү менен диалогго барбайм жана аялдарды таарынткым келбейт”,-деген ал.
  10. Шахрух Хан Болливудда үч университеттен үч чет элдик докторлук даражасын алган жалгыз актер. Ошондуктан аны тармактын эң акылман актерлорунун бири деп айтып келишет.
  11. Шахрух жыл сайын туулган күнүндө Австралиядан келген күйөрманынан адаттан тыш белек алган. Белгисиз күйөрман сүйүктүү актёру үчүн ага жер тилкесин сатып алып белекке берген. Ал тургай, Тынчтык деңизинин бир нече чарчы метрине да ээ болгон.
  12. Тамеки чегип,сыртта сейилдегенди жактырат. Ал ошол себептүү күнүнө эки пачка тамеки тартат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

471