7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо-2021. БШКнын негизги маалыматтары

299

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жана башкаруу формасы боюнча референдумда добуш берүү башталды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.


Добуш берүүнү алгачкылардан болуп Россияда жашаган кыргызстандыктар башташты:

03: 00дө — Южно-Сахалинск (Бишкек убактысы боюнча)
04:00 — Владивосток;
05:00 — Якутск;
06:00 — Иркутск;
07:00 — Новосибирск.


Добуш берүү үчүн 2 миң 474 шайлоо участкасы иштейт, алардын 48и чет өлкөлөрдө жайгашкан.


БШК кезексиз шайлоо үчүн шайлоочулардын жана 10-январга карата референдумдун катышуучуларынын тизмеси мазмуну боюнча бирдей экендигин эскертет. Бирок шайлоого жана референдумга катышкан адамдардын санын каттоо добуш берүү күнү өзүнчө жүргүзүлөт.


Шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 563 миң 574, алардын ичинен 49 миң 479у чет өлкөлөрдө тизмеде тургандар, ал эми эң көп шайлоочу Ош облусунда катталган — 722 миң 933 шайлоочу (жалпы шайлоочулардын 20%). Экинчи орунда Жалал-Абад облусу 666 миң 695 жаран, үчүнчүдө Чүй облусу 591 миң 818 жаранды түзөт.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоого 17 талапкер катышууда, шайлоо бюллетендери ак түстө. Референдумда “Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуң?” Деген суроо төмөнкү үч вариантты камтыйт: президенттик республика; парламенттик республика; бардык варианттарга каршы. Сиз же президенттикке, же парламенттикке, же сунушталган варианттарга каршы добуш бере аласыз. Эки белгиси же бош белгиси бар бюллетень жараксыз деп табылат. Референдум бюллетендери көк түстө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

300