7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо-2021. Венгрияда биринчи жолу Кыргызстандын шайлоо участогу түзүлөт

645

КР Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 28-сентябрдагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодо өлкөдөн тышкары жашаган же жүргөн КР жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында Будапешт шаарында (Венгрия) №9058 шайлоо участогун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган чечим Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин түзүлүшүнө байланыштуу КР Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынды.

Ошентип, алдыда боло турган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын жалпы саны 29 өлкөдө 58ге жетти.

Ошондой эле, быйыл биринчи жолу төмөнкү шаарларда 9 шайлоо участогу ачылмакчы:

— Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында;

— АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында;

— Түркия – Анталья шаарында;

— Италия – Кальяри шаарында.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646