7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу жарандардагы мыйзамсыз сакталган курак-жарактар алынат

168

Шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу Президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларды болтурбоо максатында жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-декабрынан баштап Ички иштер министрлиги мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча ыкчам –алдын алуу иш-чараларын жүргүзө баштады. 2020-жылы ички иштер органдары мыйзамсыз жүргүртүүдөн 125 ок атуучу куралды жана (2 бирдик автомат, 2 бирдик тапанча, 35 бирдин ар кандай түрдөгү кесилген курал, 62 бирдик сайлуу ок атуучу курал, 4 бирдик ар кандай ок атуучу куралдар) 28 бирдик ок-дарыларды алган.


Өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча жарандар ички иштер органдарына жигердүү жардамын көрсөтүп жаткандыгын дагы белгилеп кетүү керек. 2020-жылы 92 бирдик сайлуу ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырышкан.


Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор, юридикалык жактар акы төлөмө жана бекер негизде негизде табылып алынган же мыйзамсыз сакталган куралдарды жана ок дарыларды өз ыктыярлары менен тапшырса болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, өз ыктыяры менен тапшырган куралга 1600 сомдон 16 000 сомго чейин куралдын түрүнө жараша кенемте каралган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн курал-жарактарды, алардын сакталышын жана ага тиешелүү документтерин толугу менен текшерүүгө алышат. Текшерүү куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталат.

Текшерүүгө ала турган курал-жарактардын катарына бардык жеке күзөт кайтаруу агенттиктери, алардын филиалдары жана аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана өзүн-өзү коргоого ала турган курал-жарактар жана ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген курал-жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксаат берилүүчү документтер да убактылуу токтотулат. Текшерүү, көзөмөлгө алуу чаралардын жүрүшүндө жакынкы арада республикабыздын аймагында курал-жарактарды сатуу менен алектенген ишканалар менен дүкөндөрдүн да ишмердүүлүгү убактылуу токтотулмакчы. Бул көрүлүп жаткан чаралар жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоого, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, кылмыштуулукту алдын алууга жана бөгөт коюга, коомдук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоого, коомдук тартипти толук көзөмөлгө алууга жана чыңдоого багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

169