7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо жана референдум маселеси боюнча жалпысынан 62 чалуу түштү

248

2021-жылдын 10-январынын кечки 18 саат 10 мүнөтүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум маселеси боюнча call-борборго жалпысынан 62 чалуу келип түштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, негизинен телефон чалуулардын тематикасы шайлоо участокторунда шайлоочулар тараптан санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбагандыгы, ошондой эле техникалык мүнөздөгү маселелер болду.


Белгилесек, 10-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн административдик имаратында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эртең мененки саат 08:00 дөн кечки саат 20.00 гө чейин иш алып барды.


Күнү бою ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электрдин, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин сакталбай жаткандыгы, беткап жана бекитилген санитардык жана башка талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдоого мүмкүнчүлүк болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

249