7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Шайлоо жогорку деңгээлде өтүшү керек». Жапаров министрлер кабинетине тапшырма берди

580

Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында КРнын министрлер кабинетине тапшырма берди.

«Мен, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайлоо өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндамаларын кунт коюп угуп чыктым.

Жалпысынан иш жетиштүү уюштуруучулук деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейм.

Ошол эле учурда,  ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери бул багыттагы өз иштерин күчөтүп,  шайлоо жогорку деңгээлде өтүшү үчүн бардык чараларды көрүшү керек.

  • 2021-жылдын 28-ноябрында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыктарынын ишке ашырылышы камсыз кылынсын;
  • Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү жарандардын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо участкаларына баруу учурунда коронавирустук инфекциясын жугузуп алуу учурларын болтурбоо боюнча толук чаралар көрүлсүн;
  • Шайлоо жана шайлоодон кийинки мезгилде КРнын аймагында талаптагыдай эпидемиологиялык көзөмөл жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы камсыз кылынсын»,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581