Жапаров суу жетишсиздик көйгөйүнөн улам жарандар миллион сомдой зыян тартканын белгилеп кетти.

“Үстүбүздөгү жылдын жай айында элди митингге чыгарбай маселени өз учурунда чечүүгө болот эле. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыялайм. Үчөөңүздөр тең жетиштүү деңгээлде ишти уюштура алган жоксуңар, кеч болгондо гана маселе чечилди. Бүгүндөн баштап келерки жай мезгилине даярданышыңыздар керек”, — дейт ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын 1-мартынан баштап Чүй облусунун аймагында 53 млн долларга канал куруларын маалымдады.

“Канал курулса Чүй толук суу менен камсыз болот”, — деп айтты Акылбек Жапаров.