7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоого бюджеттен 623,3 миллион сом бөлүнгөн

584

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын кеңешмесине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкө жетекчилигинин саясий эркине жараша шайлоо процессинини шарттары өзгөртүлдү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкө парламентинин депутаттарын шайлоону эркин, ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо боюнча Жарлыгын ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

«Билим берүү, медициналык тармактын кызматкерлерин, техникалык персоналдарды шайлоо процессине тартууга тыюу салынган. Биздин милдет – жарандардын эркин билдирүүсү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу», — деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, шайлоо участкалары керектүү жабдуулар, байланыш жана интернет менен жабдылган. Шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623,3 миллион сом бөлүнгөн.

«Коронавирустук инфекция пандемиясына байланыштуу ар бир шайлоо участкасында тийиштүү санитардык талаптар сакталышы керек. Эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Шайлоо участкалары интернет, электр генераторлору, пандустар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн чакыруу баскычтары менен камсыз болушу керек», — деди Акылбек Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585