7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев: “Көчөттөрдү отургузуп эле чектелбей, көктөп кетиши үчүн кам көрүшүбүз керек”

396

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыкты.

Тагыраагы, депутаттар менен кызматкерлер Бишкек шаарында жайгашкан Э.Гареев атындагы ботаникалык бакта ар түрдү дарактардын көчөттөрүн отургузуп, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Төрага Нурланбек Шакиев отургузулган көчөттөрдүн көктөп кетиши үчүн мындан ары да камкордукка алуу керектигин айтып: “Жыл сайын көчөттөр тигилип, бирок каралбагандыктан куурап калган учурлар арбын. Андыктан, ар бир көчөткө көңүл буруп өстүрүп, бак-дарак аянттарын көбөйтүшүбүз зарыл”,-деди.

Ошондой эле жаз-жай мезгилинде жаратылышка чыгып эс алгандар көбөйөрүн белгилеген Төрага: “Тилекке каршы эс алгандан кийин ар кандай таштандыларды калтырып, кооз табиятка зыян келтиргендер да жок эмес. Натыйжада экология жабыркап, айлана-чөйрөбүз зыянга учуроодо. Буга байланыштуу ар бирибиз жоопкерчиликтүү болуп, табиятка да аяр мамиле кылуубуз кажет”,-деп кошумчалады.

397