7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев Мажарстанда окуп, эмгектенип жаткан кыргызстандыктар менен жолукту

354

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мажарстан мамлекетиндеги расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине барды.

Алгач төрага элчиликтин жаңы имаратынын алдында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышып, андан соң дипломатиялык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Мажарстанда иштеген мекендештер жана билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолукту.

Жолугушууда билим берүү тармагына жана миграциялык саясатка тиешелүү маселелер талкууланып, кыргыз жарандары үчүн Мажарстанда түзүлгөн шарт-жагдайлар тууралуу сөз болду.

«Мажарстанда окууну каалаган кыргызстандыктар үчүн жыл сайын 200 орун бөлүнөт. Бул жаштарыбыздын Европа стандарттарына ылайык жакшы билим алуусуна жардамчы болуп, эки элге данакер болгон мыкты адистердин чыгышына өбөлгө түзүүдө. Буйруса ушул жактан билим алган уул-кыздарыбыз Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө өз салымдарын кошот деген ишеничтемин», — деди төрага.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, чет жерде билим алган студенттерди иш менен камсыздоо маселесине байланышкан жагдайлар талкууланды.

Муну менен катар Шакиев: «Мыкты окуп, эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан окуучуларга ар дайым көңүл буруп, шыктандырып келем. Жакында эле Казакстанда өткөн эл аралык олимпиададан байгелүү кайткан балдарды кабыл алып, кийинки жылдан тарта ошол мелдешке катышкан окуучулардын ичинен чет жерде окууну каалагандар болсо ар тараптуу колдоолорду көрсөтүүнү убадаладык. Анткени билимдүү коом менен гана өнүккөн өлкөнү кура алабыз», — деп кошумчалады.

Жолугушууда миграциялык саясатка жана эмгек мигранттарына тиешелүү маселелер да көтөрүлүп, аталган жаатта жасалып жаткан иштер талкууланды.

 

355