7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шамалдуу- Сайда 5 балалуу аял киши өлтүрүүгө айыпталып кармалды

6071

Таш-Көмүр шаарындагы  Шамалдуу-Сай базарында мөмө жемиш саткан аял, чогуу иштеген аялды бычактап салганы белгилүү болду. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктап, кылмышка шектүү аял кармалгандыгын билдирди.

Окуя, 11-август күнү, болжолдуу саат 13:00дө катталган. Ушул учурда Таш-Көмүр РИИБине “Шамалдуу-Сай” шаарчасынын Темир-Жол көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө уктоочу бөлмөдө каза болгон аял 1978-жылы туулган Н.Г. киши колдуу болгондугу аныкталган. Маркум жалгыз бой аял, 2 баласын базарда мөмө жемиш сатып багып келген.

Бул факт боюнча Таш-Көмүр ШИИБи Жазык Кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектүү катары Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургуну 1983-ж.т. П.Т. (аял киши) кармалган. Ал кылмыш болгон жерден жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Таш-Көмүр шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Айрым маалымат булактар, кылмышка шектүү аял да базарда мөмө жемиш сатып иштээрин, 5 баласы бар жалгыз бой аял экендигин жазууда.

Учурда окуя боюнча адам өлтүрүүнүн себептерин аныктоо, өндүрүш ишти соттун кароосуна жиберүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6072