Артыкпай Сүйүндуковдун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тарткан «Шамбала» тасмасы «Оскар» кинопремиясынын узун тизмесине кирди. Аталган кинопремия тизмени сайтына жайгаштырды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, “Шамбала” тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. Фильмдин режиссёру Артыкпай Сүйүндуков учурунда Айтматовдун өзүнөн бул тасманы жаратууга уруксаат алып, сценарийдин үстүнөн 25 жылдан ашык иштегенин айтып келет.
Эске сала кетсек, «Шамбала» картинасы жакында эле Лос-Анджелесте өткөн эл аралык кинофестивада «Көрүүчүлөрдүн жактыруусу» сыйлыгына татыган. Ал эми режиссеру Артыкпай Сүйүндуков «Эң мыкты режиссер» наамын жеңип, ага 10 миң доллар акчалай сыйлык тапшырылган.