Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ башчысынын орун басары “У.У.К.” тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң АКШ доллар акча каражатын опузалап алган.
Ушул жылдын 6-декабрында бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “У.У.К.” Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалды.
Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.