Социалдык тармактарда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды коркутуп-үркүткөн видео тарады. Анда Сокулук районунун тургуну абактагы Н.К. менен видеозвонок аркылуу сүйлөшүп, аны катуу көзөмөлгө алууну табыштаган. Учурда шектүүгө телефон кантип жеткендиги боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Такталгандай, ИВСтин бардык камералары текшерилип, уюлдук телефон алынган. Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан кызматкерлерине карата уюлдук телефон табылганы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Эске салсак, Сокулук районунда 1990-жылы туулган Н.К. аттуу жаран 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган. Ал өспүрүмдү борборго алып барууга убада кылып, жолдон зордуктаган. Аны жоопкерчиликтен бошотулуп кетет деп чочулаган жергиликтүү тургундар ошол эле күнү милициянын имаратынын алдына митингге чыгышкан. Аксакалдар сотунун чечими менен Н.К.нын үй-бүлөсү үч күндүн ичинде айылдан чыгып кетиши керек. Шектүү Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды.