7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө кар жаап, аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

947

Өлкөдө кар жаап, аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-5-ноябрда түнкүсүн аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

4-6-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -10…-15° суук болот.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

948