Өлкөнүн айрым аймактарында 2-3-августта сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды тазалоону сунуштайбыз»,-деп берилет маалыматта.