Ушул жылдын январь-июнь айларына карата жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу маалымат менен Санарип өнүктүрүү министрлиги бөлүштү.
Маалыматка караганда, быйыл үй-бүлөдө дээрлик ар бир төртүнчү жубай эки ача жолго түшкөн. Ошондой эле төрөлгөн ымыркайлардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 5 807ге азайган.
Төмөндө 2023-жылдын алты айына карата маалымат берилген. Ал эми кашаанын ичинде 2022-жылдын ушул мезгили көрсөтүлгөн:
Жаңы төрөлгөн ымыркайлар — 66 212 (72 019);
Каза болгондор — 15 087 (16 432);
Нике күбөлүгүн алган жубайлар — 19 347 (22 034);
Ажырашкан жубайлар — 5 814 (6 067);
ID паспорт алгандар — 300 628 (263 922)
Жалпы жарандык паспорт алгандар — 274 168 (257 613)
Аты-жөнүн өзгөрткөндөр — 8 570 (10 606).