7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

571

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Рамазан айынын башталышы менен куттуктады.

“Сизди, бардык жакындарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл мусулман жамааты чоң сүйүнүч жана кубаныч менен тосуп алган ыйык Рамазан айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Көптөгөн кылымдар бою жалпы тарыхый, диний, маданий жана агартуучулук баалуулуктарын бирдей ыйык тутуп келген боордош элдерибиз Рамазан айын боорукердик, сабырдуулук жана береке сыяктуу сапаттардын өзгөчө үлгүсү катары жогорку маанайда тосуп алышат.

Улуу жана сыйлуу айдын ушул берекелүү жана жаркын күндөрүндө биз мындан ары да мамлекеттерибиздин ортосундагы ар тараптуу жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетип, боордош элдерибиздин мамилелерин бардык тармактарда тездик менен өнүктүрүүгө ниеттенебиз”, — деп айтылат куттуктоо катында. Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жоопкерчиликтүү ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, ырааттуу өнүгүү жана бакубатчылык каалады»,- деди Мирзиёев.

 

 

 

 

 

572