Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Салкын-Ордо айылындагы «Салкын» мечитинин имамы Абубакир Темирбаевдин демилгеси менен 50 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчалары таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.
«Рамазан айы бул жакшылыкта жарышуунун айы. Ал эми орозо айы келгенде мурдагыдан да көбүрөөк жакшы иш кылууга аракеттенүү керек. Ошондуктан биз да Рамазан айындагы улуу соопторго, жакшылык үчүн берилчү сыйлыктарга жетүү үчүн күн-түн дебей аракетенели», – деп билдирди айыл имамы Темирбаев.