7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шыкмаматов: Жарандардын салыкка болгон мамилесин өзгөртүү маанилүү

11

Коомдо азыркыга чейин салыкты “акчаны күч менен тартып алуу” деп түшүнгөн туура эмес көз караш бар. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, жарандардын салык системасына болгон мамилесин өзгөртүү жана салык төлөөнүн маңызын туура түшүндүрүү зарыл. Ал салыктарды өлкөнүн экономикасына жана келечек муундарга кошулган салым катары кабыл алуу керектигин белгиледи.

Ар бир жаран өлкөнүн өнүгүшүнө өз ыктыяры менен салым кошушу керек. Биз бул багытта активдүү иш алып барып жатабыз. Жарандарга жана бизнес өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, салыктарды өз убагында төлөөнүн маанисин жеткирүүгө аракет кылуудабыз”,-деди ал.

Ошондой эле ал салык кызматкерлерине да түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Аларга салык төлөөчүлөргө басым көрсөтпөй, өнөктөштүк мамиле түзүү зарылдыгы түшүндүрүлүп жатканын белгиледи.

12