7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Си Цзиньпин Кыргызстан элине бакыт жана тынчтык каалады

493

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Өткөн жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммитинин алкагында терең жана достук пикир алышуу болуп, кытай-кыргыз мамилелери жана эки өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы кызматташуусу боюнча маанилүү консенсуска жетишип, ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн план түзүлгөн», — деп айтылат жолдонгон куттуктоодо.

КЭР төрагасы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, Садыр Жапаровдун ушул жылдын май айында өтө турган биринчи “Кытай — Борбор Азия” саммитине катышуусунун, ошондой эле Кыргызстандын президентинин Кытайга пландаштырылган мамлекеттик сапарынын алкагында маанилүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык баштаган иштерине жакшылык, ал эми дос Кыргызстан элине бакыт жана тынчтык каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494