7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Си Цзиньпин Садыр Жапаровду куттуктап, ийгиликтерди каалады

591

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 6-декабрда, КРнын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Сиз менен жолугушууну ийгиликтүү өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана «Бир алкак — бир жол» демилгесин биргелешип куруу боюнча терең пикир алмаштык жана маанилүү консенсуска жетиштик, муну менен кытай-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы багыты жана планы белгиленди.

Кытай менен Кыргызстан — ынак коңшу, жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана Сиз менен болгон жеке достугубузду жана жакшы иштиктүү байланышыбызды жогору баалайм жана биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин илгерилетүү, жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн Сиз менен биргелешкен күч-аракетти жумшоого даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык иштерине ийгилик каалады

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592