7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ирактагы кыргызстандыктардын балдары бүгүн мекенине келди

1222

Бүгүн, 16-мартта өлкөгө Ирактан атайын борт учуп келди. «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы кайтарылды.
Бул тууралуу ички иштер мистрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Мекенине кайтарылган балдарга КР өкмөтү тарабынан ар тараптуу жардам берилет. Аларды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чаралар өткөрүлөт.

Балдарды мекенине кайтаруу репатриациялык иш-чаралар алгоритминин бир бөлүгү болуп саналып, ага ылайык балдарды кийин туугандарына өткөрүп берүү үчүн тийиштүү кызматтар аларды реабилитациялоо жана ресоциализациялоо иштерин жүргүзүүгө тийиш.

Белгилеп кетчү нерсе, балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген алардын Кыргызстандагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1223