Өлкө башчы Садыр Жапаров АКШ Кыргызстандын аймагында кылмыш жасаган деп шектелгендерге карата кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт. Ал өзүнүн түшүндүрмөсүн “Азаттык” радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Америка тарап Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовду айыптап жатат, ошону менен бирге эле Кыргызстанга экономикалык кылмыштуулукка шектелип жаткан мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин АКШнын аймагында жашырын жүргөн жери тууралуу маалыматты бербейт. Президенттин айтымы боюнча, Америкада андан башка да кыргыз саясатчылары баш калкалап журүшөт. Бирок алар кимдер экени азырынча белгисиз.
«Тышкы иштер министрлиги аркылуу мен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен Камчы Көлбаевге карата кылмыш ишин, ага каршы фактыларды жана далилдерди берүүнү сурандым. Биз ачык сот ишин жүргүзөбүз, эгер каалашса анын өкүлдөрү менен элчилиги катышсын. Мейли, эгер биз муну менен алектенбегенибизде бир нерсе деп айтууга болот эле. Алгач ал «Мыйзамсыз баюуу» беренеси боюнча кармалды, андан кийин мамлекетке белгилүү бир сумманын ордун толтурган. Боштондукка чыккандан кийин калган каражатты төктү. Ал эч кимди өлтүргөн жок. АКШ «ал баңги заттарын сатууга катышкан, фактылар бар» деп айтууда. Биз алардан берүүсун суранып жатабыз, бирок алар бизге бербей жатышат», — деп баса белгиледи.