7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

СИЗО-1де отурган келиндин курсагындагы баласы чарчап калды

844

Бишкекте СИЗО-1де отурган келиндин курсагындагы баласы чарчап калды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  акыйкатчы буга чейин Свердлов райондук сотуна, андан кийин шаардык сотуна 32 жаштагы шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.

Эки сотко кайрылуунун себеби, ал кош бойлуулуктун алгачкы стадиясында экени жана УЗИнин жыйынтыгы бойдон түшүү коркунучунда экенин көрсөткөн. Бирок баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

«14-октябрда УЗИден келиндин курсагындагы түйүлдүк өспөй калганы аныкталган. Мындан улам №3 төрөт үйүнө жөнөтүлүп, операция жасалган. Ал 20-октябрга чейин ошол жерде болгон. Аялдын күйөөсү баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Акыйкатчы институтуна кайрылган», – дешти мекемеден.

Шектүү өзгөчө ири өлчөмдө 47 миллион 900 миң сом же “Ишенип берилген мүлктүн жок кылуу” беренесине шектелип кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

845