7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соңку он айда ӨКМге 121,4 млн сом бөлүндү

95

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана анын ведомстволук уюмдарынын 2024-жылга чыгашалары 8 993,4 миллион сом суммасында каралган.

2024-жылдын бюджетин аткарууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 8733,6 млн сомду түзөт, анын ичинен:

  • бюджеттик каражаттар 5019,5 млн сом;
  • атайын эсептин каражаттары 2351,6 млн. сом;
  • мамлекеттик инвестициялар 769,8 млн. сом;
  • Капиталдык салымдар 592,7 миллион сом.

Бюджеттин көбөйүшү токой чарбасы менен Республикалык адистештирилген заводдун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөндүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү чечимдердин кабыл алынышына байланыштуу.

2024-жылдын он айынын жыйынтыгы менен бюджеттик каражаттардын аткарылышы 3939,8 млн сом, атайын каражаттар боюнча 1691,8 млн сом, мамлекеттик инвестициялар 178,9 млн сом, капиталдык салымдар 473,5 млн сомду түздү.

Анын ичинде:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары — Мамлекеттик материалдык резервдер фонду) 2024-жылга чыгашалары 4212,7 млн сом суммасында каралган.

2024-жылдын бюджетин аткарууда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун талабы боюнча (ММРФ) бюджети 2533,8 млн сомду түзөт.

Атайын эсептен чыгашалардын 421,2 млн сомго көбөйүшү жыл башындагы калдыктарга байланыштуу.

-Финансы рынокторун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик фонддун атайын эсебине каражаттардын пландык түшүүлөрү 2100,0 млн сомго азайган.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (ММРФ) арызына ылайык, 2024-жылдын 31-октябрына карата төмөнкү каражаттар каржыланган:

-бюджеттик каражаттар 451,9 млн сом суммасында;
-1630,0 млн сом суммасында атайын каражаттар.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепке 100,0 млн сомго көбөйүү менен 200,0 млн сом каралган.

Бюджетти аткаруунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төмөнкү буйруктары кабыл алынган:

— Суу ташкындарына байланыштуу Казакстан Республикасына 40,0 млн сом суммасында гуманитардык жардам көрсөтүү;
-Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы авариялык-калыбына келтирүү иштерине 30,4 млн сом;
-Ысык-Көл, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында авариялык-калыбына келтирүү иштерине 102,9 млн сом;

2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 121,4 млн сом каржыланды.

96