7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атадагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекетке кайтарылды

270

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген 11 социалдык объект (клубдар, сейил бактар, суу мунаралары, милиция бөлүмүнүн имараты, мед имарат ж.б.) мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

1998-2006-жылдар аралыгында аталган объектилер жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар наркы 120 миллион 130 миң сомду түзгөн  жогоруда белгиленген объекттер ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.

 

271