7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Согди облусунун башчысы кыргыз жарандарын сабаган тажиктер жоопко тартыларын убада кылды

5083

Кечээ 17-майда, кечки саат 20:00дө, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту.

Жетекчилер, Ак-Сай Ворух айылында жарандардын кармалышы боюнча орун алган окуя тууралуу сүйлөшүшкөн. Жыйынтыгында кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын, мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды.

Ошондой эле чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында, Баткен жана Согди облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек арада, жума сайын жолугууну макулдашышты.

Натыйжада Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки айылга кирген, чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн, милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду.

Ошондой эле чек аранын кооптуу участкалардында, эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү.
«Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 24:00го чейин уланып, ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылынын эли менен да жолугуп, түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү. Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч«- деп билдирет Өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5084