7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сох анклавына коридор берилет деген маалымат жалган

391

«Кыргыз тарап Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет» деген маалымат туура эмес. Кыргыз-өзбек өлкө башчылары жолугушканда пандемияга байланыштуу жабылып калган Кадамжай районундагы «Кайтпас» өткөрмө бекетин кайра ачуу, жандантуу боюнча гана макулдашкан. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары мурдагыдай эле тартипте — документтери текшерилип, катталуу аркылуу өтөт. Кыргызстандын аймагына «Кайтпас» өткөрмө бекети аркылуу кирген Өзбекстандын жарандары «Өтүкчү» өткөрмө бекетинен кайрадан текшерүүдөн өтүп, Сох районуна киришет.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айынан бери Өзбекстандын Сох районуна өзбек жарандары бир гана «Кадамжай-автожол» бекети аркылуу гана өтүп турушкан. «Кайтпас» бекетин ачуу менен «Кадамжай-автожол» өткөрүү жайында жөө жүргүнчүлөрдүн каттоосу жеңилдейт жана Кадамжай шаарынан Чечме айылына чейинки калктуу конуштарды аралап өткөн чоң жолдо автоунаа тыгындары азаят.

Ал эми Сох анклавына аба каттамын ачуу боюнча маселеде Сох районун Өзбекстан менен байланыштырган чакан учактар учат.
Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилесин чыңдоо, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрдө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жолугушуп, пандемиядан улам жабылган Лейлек районундагы «Кулунду» жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу маселесин да карашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

392