7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сойкуканаларды калкалаган милиция кызматкерлери кармалды

725

Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген сойкуканалар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымат беришти.

Ал жерде ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин колдоосу астында интимдик кызмат көрсөтүлүп келгендиги аныкталды.

“ИИМнин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Б.Н.Д. Жалал-Абад ОИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчилеринин бири, милициянын майору Д.А. менен бирге сойкуканалардын ишмердигине колдоо көрсөтүү боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштуруп, ал үчүн ай сайын акчалай сый акы алып турушкан. Жалал-Абад облусунда жалпысынан 30га жакын ижарага алынган батирлер, 2 сауна, 5 мейманканалар интимдик кызмат көрсөткөн. Бул ишке, кыздар республиканын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде Коңшу мамлекеттерденда тартылып турган” – деп айтылат маалыматта.

Учурда облустун аймагындагы сойкуканаларды колдоо боюнча башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу такталууда.

726