7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сойкулук менен алектенгендер кармалды. Кызмат көрсөтүү жайында «400дөн ашуун презерватив табылган»

1425

Сойкулук менен алектенгендер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Жалал-Абад шаарынын аймагында Т. аттуу жаран сойкулук менен алектенүү же сутенёрдук кылуу менен көмүскө жайларды уюштуруп, иш алып барып жүргөндүгү боюнча милицияга маалымат түшкөн. Факт Жалал-Абад ОИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө орун алган “Корона” эс алуу жайы мыйзамсыз сойкулук менен алектенүү же болбосо ыплас аракеттерге көмөктөшүү, ошондой эле сутенёрдук кылуу үчүн көмүскө жай экендиги аныкталып байкоого алынган.

Эс алуу жайы тинтүүгө алынып, аталган даректе 7 аял киши (алардын 5сү Кыргызстандын, 2сү Өзбек Республикасынын жарандары) сойкулук менен алектенип кардарларды тейлеп жаткандыгы аныкталган.

Тинтүү учурунда көмүскө жайдан кардарлардан алынган акчалар жана 400 даанадан ашуун презерватив далил буюм катары алынган. Эс алуу жайын  иштеткен жаран Сузак районунун Сузак айылынын 29 жаштагы тургуну К.Т.экендиги такталган.

Азыркы тапта аталган кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1426