7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулук районунда чакан ГЭС ишке кирди

485

Бүгүн, Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2 ишке кирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Президент мамлекеттин катышуусуз, жеке инвесторлордун аракети менен, бюджеттик жана донордук каражаттарды тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышынын маанисин баса белгиледи.

Ушул жылдын август айында Талас облусундагы «Бала-Саруу» чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭС жыл сайын 100 миллион кВт саатка жакын энергия өндүрүп, Талас облусунун электр энергияга болгон муктаждыгынын 20 пайызын камсыздайт.

Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушун долбоорлоо жана буга байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатат.  Жалал-Абад облусунда Кара-Көл ГЭСин куруу иштери жакында башталат. Бул долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында ишке ашырылат.

Үстүбүздөгү жылдын март айынан бери 20дан ашуун компания чакан ГЭСтерди курууга даяр экенин билдирип, тиешелүү күбөлүктөргө ээ болушту. Учурда республика боюнча жалпысы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон жана жылына 200 миллион кВт сааттан ашык энергия өндүргөн 10 чакан ГЭС бар.

Ал өлкөдө 200дөн ашуун створлор бар (чакан ГЭС салууга ыңгайлуу жер) жана чакан ГЭСтер 6-7 жылдын ичинде өзүн-өзү толук актай турганын кошумчалады.

Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган жана 2007-жылы станцияны изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча негизги электротехникалык жабдуулар, ошондой эле гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланган. Буга байланыштуу аны ишке киргизүү үчүн толук реконструкциялоо талап кылынган.

Сокулук ГЭС-2нин белгиленген кубаттуулугу — 2,4 МВт (2×1,2 МВт), электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү — 11 895 756 кВт/с түзөт.

Сокулук ГЭС-2 ишке кирсе Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электроэнергиясы менен камсыздайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486