7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенге парк, отель, логистикалык борбор куруу боюнча келишимге кол коюлду

772

Баткен облусунда “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” аталышындагы инвестициялык форуму өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

1. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен “Мега жек» ЖЧКсынын ортосунда 4 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандумга кол коюлду.

  • • “Лейлек районунун Арка айылында парк зонасын куруу” долбоору;
    • “Лейлек районунун Арка айылында логистикалык борбордун курулушу” долбоору;
    • “Баткен шаарында отель куруу” долбоору;
    • “Кызыл-Кыя шаарындагы парк зонасын реконструкциялоо” долбоору.

2. Инвестициялар министрлиги менен “Шампан вино заводу” ЖЧК ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюлду.

3. Инвестициялар министрлигине караштуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, Лейлек районунун Сумбули айыл аймагынын өз алдынча башкаруусу жана “Т. Ибрагимов” ЖЧКсынын ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо боюнча меморандумуна кол коюлду.

4. Зардалы кичи ГЭСинин курулушу боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен “Ак-Буура Групп” ЖЧКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

5. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана “ROYALSAFA” компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жана Баткен облусунда туристтик борбор куруу боюнча меморандумуна кол коюлду.

6. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана “Mak Fidanchilik” компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жана Баткен облусун сапаттуу көчөттөр менен камсыз кылуу боюнча меморандумуна кол коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

773