Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин КР өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Конституция кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Конституциянын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.
Эскерте кетсек, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын тексти тиркелет.