«УКМК жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи пункту (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган сотко чейинки өндүрштүн алкагында “А.К.” аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды«- деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Кечээ, 13-октябрда “А.К.” кеңсесиңде тиңтүү жүргүзүлүп, жетекчиси “А.К.” өз ыктыяры менен номиналы 100 доллар болгон 4600 АКШ долларын берген. Бул материалдар боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.