Орусиянын Якутск шаарында 3 кыргыз жараны мушташа кетип, бири каза болгонун аталган шаарда эмгектенип жүргөн жаран билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
«Мен Якутск шаарында 4 жылдан бери иштейм. Кечээ Якутск шаарында оор кылмыш катталды. Үч кыргыз жаранынын ортосунда чыр чыгып, тилекке каршы, бир жердешибизди кокустан өлтүрүп алышты», — деп билдирди орусиядагы эмгектенип жүргөн кыргыз жараны.
Бул окуя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги төмөнкүлөрдү билдирди.
«Якутскта 1988-жылы туулган Кыргыз жараны мушташтын кесепетинен каза болду. Мушташка катышкан 2 адам Жалал-Абад облусунан болушат, алар кармалды. Биздин консул аталган шаарда иштеп жатат. «Жүк-200дү» жөнөтүүгө жардам берилүүдө. Мушташ ичимдик ичкенден улам келип чыккан»,-деп билдирди элчиликтен.