Учурда абакта жаткан мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин тун уулу Сейитбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанды. Ал Чүй облусундагы Аламүдүн шайлоо округунан талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн.
БШКнын расмий сайтында жарыяланган тизмеге ылайык, Аламүдүн шайлоо округунан жалпы 12 талапкер документ тапшырган.
- Атамбаев Сейитбек Алмазбекович
- Аспек уулу Азамат
- Чакибаев Эмиль Акжолтоевич
- Абдувалиев Зарылбек Рубенович
- Иманалиев Каныбек Капашович
- Момункулов Эмил Базаркулович
- Исиралиева Анара Усонбековна
- Момонкулов Талгат Мелисович
- Чынтемиров Бердибек Айбекович
- Эшенкулов Кулжамал Буланбекович
- Дунканаев Айбек Медетбекович
- Бегалиев Болотбек Касымбекович
Эске сала кетсек, мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин 3 уулу, 1 кызы бар. Алия Атамбаева сүрөтчү, турмушка чыккан, чет өлкодө жашаары айтылат.
Кичүү уулу Кадыр Атамбаев июль айында өткөн шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине депутаты болуп шайланган. Ортоңку уулу Сейтек Атамбаев ишкерлик менен алектенээри айтылат.