7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулук районунун курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

673

Пара талап кылган деген шек менен Сокулук районунун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

Маалыматка караганда Финполго Б.Т. аттуу жаран кайрылып, аталган бөлүмдүн кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү документтерге каттаганы үчүн андан 30 миң сом талап кылганын айтып, чара көрүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине 326-берене «(Пара талап кылуу») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Аталган кылмышка шектелип, Р.Р. аттуу бөлүм башчы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалашты.

674