7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 16 жашар өспүрүмдү зордуктоого шектелген жаран кармалды

2151

Сокулукта өспүрүм кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 5-декабрында Сокулук районунун ИИБне белгисиз бирөө 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы арыз менен кайрылып, анда ал 2021-жылдын 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, аны зордуктап салганын билдирген.

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, окуя болгон күнү 5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары жогорудагы окуя боюнча болжол менен 50дөй киши Сокулук РИИБнин имаратынын алдына чогулушкан. Алар менен Сокулук РИИБнин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген соң, чогулгандар таркап кетишкен.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2152