7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 400 гектар жер мамлекетке кайтарылды

293

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусу, Сокулук району, Күн-Туу айыл өкмөтү, Маловодное айылы, Пролетарская көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-мартындагы №38 чечими менен АСК «Победа» ЖЧКсынын акционерлеринин жалпы чогулушунун чечиминин негизингде 2 кабаттуу типтүү бала бакчанын имаратынын пайдалуу аянты 983 кв.м. Ж.С. аттуу жарандын менчигине бекитилген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 9-июнунда аталган социалдык объектинин ээси Ж.С. өзүнүн бул мүлккө ээлик кылуудагы мыйзамсыздыктарды түшүнүп, өз ыктыяры менен жогоруда аталган социалдык объектини мамлекеттин балансына кайтарып берди.

Учурда бул социалдык объект иштебей турган. Балдарды мектепке чейинки билим берүү программасы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен бала бакчаны анын функционалдык максатына ылайык иштетүү маселеси каралууда.

294