Сокулук районундагы Новопавловка айылында жайгашкан Ч. Айтматов атындагы лицейге кошумча корпустун курулушу аяктады. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 63 млн сомду түзгөн.
Жаңы имарат 500 окуучуга ылайыкталган. Мектепте заманбап окуу жана атайын лабораториялар, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары, китепкана жана дарыгердин кабинети каралган.
Объекттин курулушунун аякташы окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.